Украиналык мушкер "Ак аюу" Мамасалиевди муунтуп салды. Беттештин видеосу

Жазылуу
"Ак аюу" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер украиналык атаандашы Юрий Проценкого жеңилип калды.

ММА беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте JFC MMA 3 турнири кандай өттү. Тексттик трансляция
Мушкерлер JFC ММА 3 — 2017 турниринин алкагында чемпиондук кур үчүн ат салышкан. Украиналык Юрий Проценко атаандашы Мыктыбек Мамасалиевди экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.

Турнир, бүгүн, 9-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Анда жалпысынан 12 беттеш болду. 

Ошондой эле Кыргызстандын "Жаш күч" жана Чеченстандын "Ахмат" спорттук клубдарынын мелдештик жолугушуусу болуп, мушкерлер 4Х4 форматында беттешти. Тагыраагы, эки клубдан төрттөн, жалпы 8 мушкер күч сынашты. Анын жыйынтыгында кыргызстандык "Жаш күч" клубу 3:1 эсебинде жеңишке жетип, мыкты аталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0