Арстандардын үстүнөн "секирген" антилопа жырткычтардын чеңгелине түшүп калды

Жазылуу
Түштүк Африка Республикасынын Крюгер паркындагы жаратылыш коругунда кетип бараткан туристтер адаттан тыш окуяны видеого тартып алышкан

Лев обхитрил жирафа и напал на его детеныша — видео - Sputnik Кыргызстан
Амалкөй арстан акыраны алдап өтүп, баласына кол салды. Видео
The Daily Star басылмасынын жазышынча, антилопа жолдо кетип бараткан арстандардын үйүрүнүн үстүнөн секирип кетем деп жырткычтардын оозуна өзү түшүп берген.

Болгон окуяны туристтердин бири камерага тартып калууга жетишкен.

Крюгер улуттук паркы Түштүк Африка Республикасындагы байыркы парктардын бири, ага өлкө президенти Трансвааль Пауль Крюгердин аты берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0