Исаков Кулматовду эмне үчүн бажы кызматынын башчылыгына дайындаганын айтты

Жазылуу
Өкмөт башчысы Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматына Кубанычбек Кулматовду дайындоо боюнча буйрукка кол койду.

Исаков өз сөзүндө Кулматов жети өлчөп бир кескен, ишин мыкты билген адис экенин белгиледи.

"Кубанычбек Кеңешович тажрыйбалуу, таза адам. 2010-жылдан 2013-жылга чейин аталган кызматта иштеп турганда бюджетти эки жарым эсе көбөйттү. Жакынкы күндөрү орун басарлар боюнча сунушту киргизиңиз деп айттым. Өзүнүн командасы менен Кубанычбек Кулматов бажы кызматында жакшы натыйжа көрсөтөт деп толук ишенем", — деди ал.

Исаков ошондой эле Кулматовго колдон келген бардык жардамды берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0