Ош шаарындагы алоолонгон жалын, түн жана чогулган эл. Видео

Жазылуу
Ош шаарында Раззаков көчөсүндө жолдун боюнда май алмаштыруучу жайдан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Алдын ала маалымат боюнча өрттү өчүрүүгө жалпысынан аймактагы өрткө каршы бөлүмдүн тогуз бригадасы тартылган.

Алгач, тилсиз жоону өчүрүүгө Ош шаардык бригадалары кетсе, андан кийин коңшу жайгашкан Кара-Суу райондук өрт өчүрүүчүлөр кошулду.

Өрттүн кошумча имаратка жабышканы туурасында маалыматтар айтылууда. 

ӨКМдин айтымында, адам өмүрүнө зыян келген жок

Жаңылыктар түрмөгү
0