Суучул аз жерден башын акулага жулдуруп жибере жаздады

(жаңыланган 19:16 16.12.2017)
Түштүк Африканын жээктеринде суучул менен ак акуланын кез келген учуру камерага тартылып калган.

Бактыга жараша окуя каргашасыз аяктаган.

Видеодо көрүнгөндөй калдайган акула суучулдун артынан билинбей сүзүп келип, башын тиштөөгө аракет кылган. Акыркы мүнөттөрдө гана киши бурулуп кетүүгө жетишкен.

The Daily Mail басылмасынын билдиришинче, окуя Түштүк Африканын жээктеринде болуп, видеону суучулдун баласы тартып алган.

Белгилер:
акула, суучул, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
"Башка планеталык келгиндердин дискотекасы": видеону жүз миңден ашык адам көрдү
Австралиялык аял өз колу менен тирүү акула кармап алды. Видео
Сууга секирген кишинин курсагын кичинекей акула тиштеп алды

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео

Атаандашы 7-раунддан кийин чыкпай койду. Боксчу Акжолдун жеңиши видеодо

(жаңыланган 17:16 18.04.2021)
Эки спортчу тең мурда жеңилүү ызасын тарткандан кийин рингге чыгышкан. Кыргызстандык боксчуга жеңиш оңойчулук менен келген жок. Каршылашы менен жети раунд беттешип багындырды.

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions турниринде россиялык атаандашы Никита Кузнецовду утуп алды.

Аталган уюмдан Сулайманбек уулу дал ушул жеңиши үчүн бокска кайтканын белгилешти. Ал өткөн жылы март айында нокаут менен утулуп калган эле.

Кыргызстандык спортчу ар бир раунд сайын күч алып, таамай сокку уруп жатты. Жетинчи раунддан кийин Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты.

Муну менен Сулайманбек уулунун куржунунда 16 жеңиш, бир жеңилүү бар. 2018-жылы ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул титулду төрт жыл катары менен сактап келет.

Белгилер:
жеңиш, беттешүү, бокс, Акжол Сулайманбек уулу
Тема боюнча
Эркин күрөштөн биринчи болуп Эрназар Акматалиев Олимпиадага лицензия утту. Видео
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкектин борбордук аянтында кайрадан митинг өтүүдө. Видео

(жаңыланган 14:33 19.04.2021)
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар Кыргызстанга Абхазия өлкөсүнөн келген унааларды мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чуу чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.

Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Абхазиядан алынган унааларга байланыштуу чуу

Кыргызстанда Абхазиядан алынган унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Себеби мындай унаалар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен алып келинген. Болжол менен онго жакын машина айып короого токтотулган.
Мындан улам Ала-Тоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында Абхазиянын номери тагылган унаалардын ээлери митингге чыгышты. Алар Республикага буга чейин кирип кеткен автолорду мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда. Айдоочулар буга чейин эскертүү берилбегенин билдирип, нааразы болушту. Митингчилер унааларын насыяга алгандар бар экенин, айрымдары такси айдап үй-бүлөсүн багарын айтышты.

Өткөн аптада Экономика жана финансы министрлиги абхазиялык номер тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн экенин эскерткен

Белгилер:
талап, унаа, номер, Абхазия, митинг
Тема боюнча
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн