Жүз эсе оңой! Бишкектик студент кытай тилин үйрөнүүнүн жеңил жолун ойлоп тапты

Жазылуу
Бишкектик студент Талгат Молдалиев мекенинен миңдеген чакырым алыстыкта жүргөн учурунда иероглифтерди жатташ үчүн бир түндүн ичинде 20 word барагын толтуруп жазган.

Бишкектик Талгат Молдалиев өзүнө жаккан шанхайлык окуу жайдын бюджеттик бөлүмүнө өтүү үчүн тез аранын ичинде кытай тили боюнча билимин өнүктүрүүгө аргасыз болгон.

"Башка жол жок эле. Суткасына 12 сааттан окуп жаттым. Иероглифтерди жатка билүү аябагандай оор болду. Бирөөсүн гана жатташ үчүн канчалаган барактарды булгаш керек. Анан мен атайын образдарды ойлоп таба баштадым", — деди студент.

Анын айтымында, ал иероглифтер менен образдардын окшоштугун издеп көргөн. Кыска аңгеме, баяндар өзүнөн өзү чыга баштаган. Алардын көбү кыргыздардын турмуш-тиричилиги менен байланыштуу.

Работа детских садов Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Бишкектеги 84 бала бакчанын 10у гана кыргыз тилинде иш жүргүзөт экен
"Бул иероглиф "тай" деп аталат. Андан адамдын колу менен бутун көрө алдым. Кыргыздарда тушоо той учурунда балага "тай, тай" деп айтылат эмеспи. Бул жөн гана адам эмес, ал кичинекей бала. Алар тушоо той учурунда сонун, абдан сонун көрүнүшөт. Тай — "аябай" деп которулат. Ушинтип оңой жаттаса болот", — деди ал.

Молдалиев кытай тилин үйрөтүү боюнча курс ачууну чечкен. Ал дизайнери менен биргеликте 700 иллюстрация тартып, 200 окутуучу ролик чыгарган.

"Биздин максан — 3 миң иероглифти көрсөтүп берүү. Себеби кытай тилинде эркин сүйлөөгө ушунча иероглифти билүү жетиштүү. Жалпысынан 50 миң иероглиф бар, бирок кытайлыктар өздөрү анын баарын билбейт. Бул тил абдан оор, бирок мен айткан ыкма үйрөнүүнү жеңилдетет", — деп белгиледи студент.

Учурда анын мектебинде 200 адам окуйт, алардын көбү мектеп окуучулары. Чоңдордун көбү кечинде келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0