Кендирди эмне кести? Таш-Көмүрдөгү токтоп калган кыргыз-казак заводунун таржымалы

Жазылуу
Эгер пландалган нерселердин бардыгы ишке ашканда Таш-Көмүрдүн өнөр жай аймагында ири мекеме күпүлдөп иштеп турмак. Учурда бул аймакты дат баскан темирлер менен аягына чыкпай калган курулуштар ээлеп жатат...

Тонналаган айнек алдынан балдардын сөөгү табылган: шаар трагедиясы жана үмүт - Sputnik Кыргызстан
Айнек алдында калган балдардын сөөгү. Шаар трагедиясы жана үмүт
Кыргыз темир ээритүүчү заводу 57 футбол аянтчасындай жерге курулуп, жылына 200 миң тоннага чейин ферросиликоалюминий чыгарышы керек эле. Бул көлөм дүйнөдө колдонулуп жаткан мындай темир эритмесинин 4 пайызын түзмөк. Эң эле көп…

Ферросиликоалюминий металлургияда колдонулуп, болоттун сапатын жакшыртат. Эгер бардыгы пландалгандай ишке ашканда Кыргызстанда чыгарылган продукция азыр Түштүк Кореянын, Казакстандын, Россиянын заводдорунда колдонулуп, завод 3 миң кыргызстандыкты иш менен камсыз кылмак.

Ишкананын директору Талантбек Исмаиловдун айтымында, инвесторлор Таш-Көмүрдү бекеринен тандап алган эмес, анткени ал жерде завод үчүн бардык шарттар бар.

"Биринчиден, бул жерде көмүр көп. Электр станциялары жакын, кремний кени бар. Завод үчүн табылгыс жер", — деди ал.

Урайын деп калган бул имараттар Кристалл ачык акционердик коомуна таандык - Sputnik Кыргызстан
Өзү калып, өзөгү жоголгон "Кристалл" заводу экологиялык бүлгүн салбайбы
Кыргыз-казак заводун төрт жыл мурда ачуу пландалган. Андан кийин эки жылга жылдырылган. 2015-жылы сентябрь айында түштүк кореялык инвестор — Posco компаниясы каржылоону токтоткон. Анткени Астана менен Бишкектин электр энергиясынын тарифи боюнча макулдашуусу талап кылынган. Бул убакыт аралыгында курулуш иштерине 250 миллион сом жумшалган. Исмаиловдун айтымында, жалпысынан 37 миллион доллар коротуу пландалган.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, казак тарап Курманбек Бакиевдин учурунда жети жыл мурда жеңилдетилген тариф боюнча кол коюлган документти бетке кармоодо.

"Бир чарба субъектиси үчүн электр энергиясыy жеңилдетилген тариф менен берүү Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келет", — деп мекемеден билдиришти.

Тараптар маселени чечүүгө аракет кылганы менен андан майнап чыккан эмес.

"Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча кыргыз тараптын берген сунуштары "Казакстандын минералдык сырьены кайра иштетүү боюнча улуттук борборунун" өкүлдөрү менен талкууланган. Бирок казак тараптын сунуштарын да эске алуу менен бир дагы вариант жактырылган жок", — деп айтылат катта.

Заводдун эки жылдан бери токтоп турганына карабастан ал жакта иштеген жумушчулар эки тарап акыры бир пикирге келет деп үмүт артышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0