"Алгыр" Актилектин Украинадагы жеңишинин видеосу жарыяланды

2106
(жаңыланган 12:20 21.12.2017)
Кыргыз мушкери ММА боюнча КРдин беш жолку, NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону. Жакында эле WEF спорттук уюмунун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган.

"Алгыр" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулунун WWFC (World Warriors Fighting Championship) спорттук уюмунун турниринде ат салышкан видеосу интернетке жарыяланды.

Мелдеш 14-декабрда Украинанын Киев шаарында өткөн. Анда Жумабек уулу франциялык мушкер Максим Ванилстрейт менен кезигип, атаандашын 2-раундда техникалык нокаут менен жеңген

Кыргыз мушкери ММА боюнча КРдин беш жолку, NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону. Жакында эле WEF спорттук уюмунун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган.

Дүйнө спортчуларынын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча тогуз жолу профессионалдуу беттеште утуп, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

2106
Белгилер:
кармаш, видео, спорт, Актилек Жумабек уулу
Тема боюнча
"Алгыр" Актилек Украинада франциялык мушкерди техникалык нокаут менен жеңди
Актилек чемпион, Хантураев курдан кур калды. WEF чемпиондугун багынткандар

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

67
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

67
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео

Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео

95
(жаңыланган 10:32 23.06.2021)
Бразилиядагы футбол боюнча чемпионатта "Фламенго" жана "Брагантино" командаларынын ортосундагы мелдештин бешинчи турунда футболчу топту дарбазага согончогу менен киргизди.

Өзгөчө топту оюндун 12-мүнөтүндө "Брагантино" командасынын коргоочусу Адерлан де Лима Силва киргизген. Айып талаадан берилген топту дарбазанын тушунан согончогу менен тээп гол жараткан.

Оюн "Брагантино" командасынын пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Акыркы голду аталган команданын футболчулары соңку мүнөттөрдө киргизишкен.

30 жаштагы Адерлан де Лима Силва команданын оң жактагы коргоочусу. Ал 2021-жылы клуб менен эркин агент катары келишим түзгөн. Ага чейин "Брагантино" командасында макулдашуунун негизинде маал-маалы менен ойночу.

95
Белгилер:
видео, гол, чемпионат, Бразилия
Тема боюнча
Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

0
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

0
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду