Жеңишке жеткирген "Булбулум". Омардын Silk Way Star сынагындагы видеосу жарыяланды

Жазылуу
Эл аралык сынакта тогуз өлкөнүн ырчылары ат салышкан

Кечээ кыргызстандык ырчы Омар Жанышов жеңишке жетишкен Silk Way Star эл аралык сынагынынын финалдык бөлүгү эфирден көрсөтүлдү. 

Кыргызстандык Adem Dance тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык бийчилер катышкан Asia's Got Talent сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Анда Омар төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин калемине таандык "Булбулум" аттуу чыгарманы аткарып чыккан. Соңунда тогуз атаандаштын алган упайлары көрсөтүлдү. Ага ылайык кыргызстандык ырчы 389 упай менен алдыңкы сапка чыкса, Татарстандан барган ырчы Малика экинчи, казакстандык ырчы Айкын үчүнчү орунду ээледи. 

Аталган сынак Алматы шаарында өткөн. Үч айга созулган музыкалык шоу жалпы 12 этаптан туруп, ар биринде ар түрдүү тематикада даярданышкан. 

Ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкыртстан, Татарстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн популярдуу ырчылары катышкан. Ошондой эле ар бир өлкөдөн бирден калыстар тобунун мүчөсү шайланып, Кыргызстандын атынан Гүлнур Сатылганова калыстык кылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0