Элден калбай! Кыргыз спортчулары "көрүнбөгөн" кутуну кантип атташты

Жазылуу
Кыргызстандык бир катар спортчулар интернет айдыңында популярдуу болуп жаткан Invisible Box Challenge флешмобуна катышты

"Көрүнбөгөн" кутуну тайбоксчу Жаныбек Бейшебек уулу ММА мушкери Ариэт Бекишев, гимнаст Аида Акматова жана балбандар Баястан Маданбеков менен Мээрим Момуналиева атташты.

Шарт боюнча адам бир бутун "көрүнбөгөн" кутунун үстүнө коюп, экинчи буту менен аны аттап өтүшү керек. Invisible Box Challenge техастык чирлидер кыз коробканы аттап кеткенден кийин башталган.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда mannequin challenge флешмобу популярдуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0