АКШнын аскерлери НЛОну бутага алышты. Видео

Жазылуу
Бир аз мурда Пентагон НЛОну иликтөө менен алектенип, бул максатта 2007-2012-жылдар аралыгында 22 миллион доллар сарптаганын билдирген

Метеоритный дождь в небе - Sputnik Кыргызстан
Асмандагы жаркыраган шар канадалыктардын жүрөгүн түшүрдү
АКШнын Коргонуу министрлиги (Пентагон) америкалык аскерлер НЛОну бутага алган видеону жарыялаганын британиялык The Independent басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, видео үч жыл мурда, 2014-жылы тартылган. Сан-Диего тарапта (Тынч океандын Мексикага жакын жээгинде) машыгып жүргөн сокку уруучу учактын экипажына НЛОну кармоо тапшырмасы түшкөн.

"НЛО биздин бардык борттордон дагы ылдам учту", — деп учактын командири Дэвид Фрэвор the Herald басылмасына билдирген.

Учкучтун айтымында, объекттин ылдамдыгы аскер учагынын радарларын иштен чыгарып койгон.

Бир аз мурда Пентагон НЛОлорду изилдөө менен алектенип, бул максатта 2007-2012-жылдар аралыгында 22 миллион доллар сарптаганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0