Бишкектеги НТС телеканалынын имаратында болгон окуянын видеосу

Жазылуу
Борбор калаада жайгашкан НТС телеканалынын имаратына болжол менен кечки саат 17:00дөр чамасында сот аткаруучулар милиционерлердин коштоосунда келип, имаратты жапканга аракет кылганын каналдын кызматкерлери билдиришти.

ЖК депутаты Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
НТС каналынын жагдайы боюнча Өмүрбек Бабанов жана Сот департаменти үн катты
Имараттын ичиндеги окуяны каналдын журналисттери видеого тартып алган. Тасмадан күч кызматкерлерин да көрүүгө болот. Ошондой эле сот аткаруучулардын колундагы документте НТСтин ишмердигин токтотуп, мүлкүн камакка алуу тууралуу жазылганын каналдын кызматкери Каныбек Асанкары уулу окуду.

Телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу окуя менен толук таанышкандан кийин толугураак маалымат берерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Ал эми Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматы милиционерлер коомдук тартипти сактоо үчүн окуя болгон жерде экенин, ал эми имаратты курчоого алды деген маалымат чындыкка жатпай турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0