Жолдун каршы тилкесине чыккан айдоочу мушташ чыгара жаздады. Видео

Жазылуу
Mercedes-Benz машинасынын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыкканы аз келгенсип, башка айдоочулар менен мушташууга аракет жасаган

Социалдык тармактарга жарыяланган видеодон жолдун каршы тилкесине чыккан машинаны даана көрүүгө болот.

Видеону жарыялаган автордун билдиришинче, ал машинанын жарыгын өчүрүп-жандырып ага эскертүү берген. Бул учурда жолдун каршы тилкесине чыккан айдоочу авторду көздөй чуркап келген.

"Машинанын терезесин жаап, ал жерден кетип калганга жетиштик. Тигил айдоочу автоунааны муштуму менен бир урганга үлгүрдү. Бул эмне деген кадам? Мындай айдоочулар шаарда толтура, башкаларды да сыйлабай, өзүн да сыйлбайт", — деп автор Facebook баракчасына жазды.

Аномальные морозы в Омске - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Горький көчөсүндө аялды эки унаа сүзүп кетти
Социалдык тармакта бул видео кызуу талкууга жем таштап, айрым колдонуучулар аны жазалоону сунушташууда.

Видеокаттагыч Бишкек шаарынын тургуну Кирилл Березанын автоунаасына коюлган. Анын айтымында, окуя 20-декабрда саат 18:32де Горький көчөсүнүн Тыныстыновго жакын жеринде болгон.

Видеодон күңүрт түстөгү Mercedes-Benz автоунаасынын мамлекеттик номери 345 AAF экени даана көрүнөт.

Жол кыймылындагы коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0