Австралия: жолдун ортосунда чапчышкан эки жаныбар унааларды өткөрбөй койду. Видео

Жазылуу
Окуя өлкөнүн түштүк жагындагы Аделаида шаарында болгон.

Австралиядагы унаа жолдун ортосунда эки коаланын алышып жатканы интернетте жарыяланды. Аталган видеону news.com.au порталы жүктөгөн. 

Арстандардын үстүнөн секирген антилопа жырткычтардын чеңгелине түшүп калды - Sputnik Кыргызстан
Арстандардын үстүнөн "секирген" антилопа жырткычтардын чеңгелине түшүп калды
Окуя өлкөнүн түштүк жагындагы Аделаида шаарында болгон. Роликтин авторунун айтымында, эки жаныбардын "беттешинен" улам унаалар токтолуп, токтоп калган. Айдоочулар өтүүгө аракет кылып сигнал бергени менен, урушуп жаткан жаныбарлар карап да койгон эмес.  Акыры өздөрү чарчаганда жолдун четине чыга беришкен.

Жаныбарлардын кармашы YouTube каналында кызуу талкууга түштү. Kould B деп катталган колдонуучу видеонун алдына "жада калса эң жагымдуу жаныбарларда мындай учурда өзүн кармана албай калат" деп жазган. Ал эми fragglepuppies деп катталган адам "кечиресиз, мен жумушка кечигип калдым. Анткени жолдо эки коала мушташып жатыптыр, өтө албай турдум" деп тамашалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0