Кайдан-жайдан пайда болгон "арбак машина" элди аң-таң калтырууда. Видео

Жазылуу
Окуя Барнаул шаарынын Ленин районунда болгону айтылат

Британиядагы эски үйдө арбак видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Британиядагы эски үйдө "арбак" видеого түшүп калган
Күтүлбөгөн жерден пайда боло калган Chevrolet Niva унаасынын видеосу тарап интернет колдонуучуларын аң-таң калтырууда. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Унаадагы видео байкоого тартылып калган кадрдан айдоочу сол жакка бурулуп жатканда кайдан-жайна белгисиз Niva унаасынын келип калганын көрүүгө болот. Башында ал видеодон көрүнгөн эмес. Бул окуя Барнаул шаарынын Ленин районунда болгону айтылат.

Муну көргөндөр "арбак машина" экен десе, башкалары ал жолдун чети менен келгендиктен кадрга түшпөй калган дешүүдө.

"Унаанын ары жактан келе жатканын көргөн эмесмин, ал арбак окшойт", — деп жазган Рахул Алекберов аттуу колдонуучу.

Кладбище деревни Шалта - Sputnik Кыргызстан
Мазар таюу деген эмне? Түрлөрү жана жол-жобосу
Көпчүлүгү машина автобустар токтоочу аялдама менен келип ошондуктан көрүнбөй калышы мүмкүн экенин да айтышты.

Байкоо салгандар "арбак машинанын" күтүүсүз жерден пайда болуп калышынын себеби жуулбаган терезе, туман же унаанын жарыктары күңүрүт болушу мүмкүн экени болжошту.

Көпчүлүгү машина жолдун кесилишинде жайгашкан автобустар токтоочу аялдама менен жүрүп келип кадрга илинбей калышы мүмкүн дегенге токтолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0