Сооронбай Жээнбековду Астана калаасы бурганак менен тосуп алды. Видео

Жазылуу
Жээнбеков казак кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен ЕАЭБдин алкагында эки тараптуу кызматташууну талкуулайт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапары менен учуп келди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков Казакстанга учуп кетти. Делегациянын курамы
Сапардын алкагында Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен тар чөйрөдө жолугат. Ошондой эле мамлекет башчылары кеңири форматта сүйлөшүп, ЕАЭБдин алкагында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлуп, мамлекет башчылары билдирүү жасамакчы.

Сооронбай Жээнбековдун казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен да жолугушуусу пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0