Жол азабы — көр азабы. Чычкан капчыгайынан Ала-Бел чейинки автотыгындын видеосу

Жазылуу
Күбөнүн билдиришинче фуралардын майы тоңуп, жол кыймылын ого бетер кыйындаткан

Унаа жолдо тыгында турган автоунаалар, Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө: Чычкан капчыгайынан Ала-Белге чейин 30 чакырымга жеткен автотыгын бар
Ош тараптан келе жатканда Чычкан капчыгайынан Ала-Бел ашуусуна чейин унаалар төрт катар тизилип, айдаганга жол калбай калганын, баш-аягы 30-40 чакырымга жеткен автотыгын пайда болгонун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 29-декабрга караган түндөн тарта күндүзгү саат 15:00гө чейин аталган жол кесиминде айдоочулар эч жакка жыла албай туруп калган.

"Карды тазалаган грейдерлер жол тыгындан улам жыла албай карда калып калыптыр. Фуралар жолду ээлеп алгандыктан жеңил автоунаалар ары-бери өтө албай турат. Фуралардын майлары тоңуп ордунан жылбай калды. Бул жерде эки гана милиция кызматкери иштеп жетишпей жатат", — деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов чынында Бишкек — Ош жолунун аталган бөлүгүндө автотыгын бар экенин айтып, ИИМ, ӨКМ жана Транспорт министрлигинин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлгөнүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0