Американын тургуну үлпөт той учурунда уктап калып кулап түштү

Жазылуу
Анын мурду, тиши сынып, жаагын кокустатып алган

YouTube сайтында үлпөт той учурунда кулап түшкөн кишинин видеосу социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан катуу талкууга алынууда.

Видеонун каарманы Reddit порталына чынында эмне болгонун айтып берген.

"Жуптардын никелешүү аземи 20 мүнөт эмес, 40 мүнөткө чейин созулуп кетти. Мен дээрлик уктаган жокмун, анан калса эртең мененки тамакты дагы жакшы ичкен эмесмин. Турган жеримден кулаптырмын. Мурдум, маңдайкы тиштерим сынып, жаагымды кокустатып алдым", — деген ал.

Видео үч күндө эле миллионго жакын жолу көрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0