Дубайдын ири лазердик шоусу Гиннестин рекорддор китебине кирди

Жазылуу
Бул жылы дүйнөдөгү эң бийик делген Бурдж Халиф мунарасынын айланасына салттуу фейерверктер атылган жок

Дубай жаңы жылдык түндө ири лазердик шоу жасап, дүйнөлүк рекорд койду. Аны көрүүгө он миңден ашык киши келген. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Көз жоосун алат! Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салюттун асмандан көрүнү - Sputnik Кыргызстан
Көз жоосун алат! Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салюттун асмандан көрүнүшү
Бул жылы дүйнөдөгү эң бийик делген Бурдж Халиф мунарасынын айланасына салттуу фейерверктер атылган жок. 2018-жыл босогодо турганда санак берилип, көрөрмандар жети мүнөттөй музыканын коштоосундагы лазердик шоуга күбө болушту. Ал улуттук символдор менен толукталып, фонтандар коштоп турду. 

Маалыматка ылайык, саамалык Гиннес китебине "бир имараттагы ири лазердик жана музыкалык шоу" аталышы менен кирет. Мындай рекорд 2013-жылы Гонконгдо коюлган. Анда лазердик проекциянын аянты 46 миң чарчы метрди түзгөн. Ал эми Дубайдагы шоу мурдагы рекорддон эки эсе ашып өттү, башкача айтканда, проекциянын көлөмү 109 миң чарчы метрди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0