Сууда сүзгөн жеткинчек 4 акулага жем болуп кала жаздады. Видео

Жазылуу
Багам аралдарындагы көлгө түшүп жаткан жеткинчек төрт акулага жем болуп кала жаздады. Ага дронду башкарып жаткан оператор белги бергенде кургакка чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Дрондун ээси тарткан видео YouTube баракчасына жүктөлдү. Тасмада көрүнүп тургандай жеткинчек жаман ою жок сууга чуркап кирип түшүп жатат. Бир нече секунддан кийин бала тарапты көздөй төрт акула сүзүп жөнөйт.

Пляжды тартып жаткан оператор балага белги бергенде ал суудан чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0