(4:00 / 28.37Mb / )

Памирлик кыргыз Фазылхак: сурап алар өлкөбүз бар, эми пас болбойбуз. Видеомаек

2691
(жаңыланган 23:21 07.01.2018)
Нарындан келип, биздин редакцияга кире кеткен 18-23 курагындагы памирлик жаштар менен маектештик. Алар ачылып сүйлөп, өздөрүнүн буга чейинки жашоосу, кыялы тууралуу айтып берип, Кыргызстанга келе жаткандагы толкунданган сезимдерин эстешти. Маегибиз андан сырткары кыздар, сүйүү, калың темасына кантип өңүт алып кеткенин байкабай калдык.

Алардын бирден-бир максаты — шамал ойногон алыскы Памирде калган кандаштарын алып келүү, эгер андай болбосо, кайра кайтып баруу. Жөн барбай, билим, кесип менен барып, дарыгер болуп ден соолугун карап, мугалим болуп кат-сабатын жоюу.

"Памырда дохтурдун жоктугунан жаңы төрөгөн аялдар менен балдардын көбү өтүп кетет. Памырдагы эл-журтубуз, кедейи да, байы да ушул жерге келип жашаса, Кыргызстанда калсак дейбиз да. А эгерде ондогулар келе албай калып калса, биздин мында жашаганыбыз болбойт… кайра барып элге жардам кылып, дохтур болуп дарыласак, мугалим болуп бизден кичүүлөрдү окутуп, билим алдырсак жакшы болот", — дешет боордоштор.

Калың, сүйүү туурасында кебибиз уланды. Калың Памирлик кыргыздар үчүн бул абдан маанилүү экендигин айтып беришти.

"Памырда оокаттуу кишилер малды арбын берип, үйлөнөт. Малсыздар кайчы куда болушат. Мен деле үйлөнгөндө кайчы куда түштүк. Бул Памырда көп кездешет. Бул жердегидей сүйгөн деген жок да аякта (күлдү). Кыздар ата-энеси каалап берген адамга тиет", — деди Фазылхак Абубакир уулу.

2018-жылдын 13-январында Памир кыргыздарынын Нарын облусуна көчүрүлүп келгенине үч айдын жүзү болот.

2691
Белгилер:
памирлик кыргыздар, Памир кыргыздары, Афганистан, Нарын облусу
Тема:
Памирлик кыргыздар (82)
Тема боюнча
Ак жоолукчан памирлик келин Ширинбү. Макияжга чейин жана андан кийин
Бишкектин "Ала-Тоосун" көрүп таң калган памирлик кыргыздардын видеосу

Россияга рахмат: Тоолуу Карабахта мектеп, ооруканалар ачыла баштады

52
Степанакертте мектептер ачылып, андан сырткары, жергиликтүү төрөт үйү ишин баштады. Согуштан кийин ал жерде биринчи ымыркай жарыкка келди.

Тоолуу Карабахта тынч жашоо кадимкисиндей уланууда. Эл өз үйлөрүнө кайтып келип, дүкөндөр иштеп, коомдук транспорт каттап, жашоочулар коопсуздугу үчүн коркпой көчөгө сейилдеп чыга баштады.

Эл жашаган башка жерлерде да инфратүзүмдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Мунун баары россиялык тынчтык орнотуучулардын эмгеги. Алар жергиликтүү элдин жай жашоосуна кайтып келиши үчүн аракет кылышууда.

52
Белгилер:
оорукана, мектеп, тынчтык орнотуучу, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери

Жол тазалоочу техника жетпейт. Бишкек Ош трассасынын кышка даярдыгы текшерилди

51
(жаңыланган 11:59 02.12.2020)
Комиссия "Сосновка" постунан "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыккан.

Бишкек — Ош жолунун кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Алар Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыгышкан.

"Текшерүүнүн негизинде бир топ көйгөйлүү маселелер бар экени аныкталган. Алсак, жол тазалоочу, кум чачуучу атайын техника жетишсиз болуп, жолго кум кол менен чачылып жаткан. Айрым жүк ташуучу унаалар кышка даярдыгы жок ашууларда калып калган. Комиссия тамак-аш берилүүчү жана жылына турган пунктулардын да даярдыгын көргөн. Жыйынтыгында "Арал" постундагы жылынуучу пункт кышка толук даяр эместиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ айдоочуларга кайрылып, алыс жолго, тоолуу аймактарга чыгарда аба ырайына көңүл бурууну суранды. Ошондой эле зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү берилгенде жолго чыкпай турууну сунуштаган.

51
Белгилер:
Бишкек – Ош жолу, комиссия, текшерүү, ашуу, жол, унаа, Бишкек, ӨКМ
Тема боюнча
Кыргызстандагы бардык жолчуларга күнү-түнү иштөө милдети жүктөлдү
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев. Архив

Жолдошев: көз гимнастикасын жасап, көрүүнү жакшыртууга болбойт

0
(жаңыланган 15:09 02.12.2020)
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев көз булчуңдарынын гимнастикасын жасоо менен көрүүнү жакшыртууга болбой турганын айтты.
Жолдошев: көз гимнастикасын жасап, көрүүнү жакшыртууга болбойт

Азыркы заманда көпчүлүк компьютер менен иштеп, гаджет, телефон тиктеп калышты. Андыктан бир саат сайын 10 мүнөткө стулдан туруп, алысты карап көздү эс алдырып турган оң. Ошол эле маалда көздүн көнүгүүлөрүн жасап туруу абдан пайдалуу. Бул тууралуу Өмүрбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, компьютер, телефондун жарыгын, экрандын өңүн көздү чарчатпай тургандай кылып аярлап алуу керек.

"Көз ооруларынын ичинен эң көп кездешкени катаракта же көз чечекейинин тунарышы. Бул оору тубаса жана кийин пайда болушу мүмкүн. 65-70 жаштагы кишилердин көбү эле бул илдетке кабылат. Андан тышкары, биздин өлкөдө глаукома — көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашы менен мүнөздөлгөн оору менен жабыркаган адамдар өтө эле көп. Ошону менен бирге макулодистрофия — көз торчосу бузулуп, борбордук көрүүнүн начарлашы менен жабыркап келишет. Ал эми көрүүсү начарлап бараткан адамга дарыгер көз айнек тагын десе сөзсүз аны аткарышы керек. Ал эч качан көрүүнү начарлатпайт. Мен бейтаптарыма дайыма көз айнекти угуу аппаратына салыштырып айтып келем. Ал жөн гана көрүүнү жакшыртуучу аспап. Көрүү начарлаганда көз айнек тагынбаса, көздүн булчуңдары чыңалып, мына ошондо көрүү бузулушу мүмкүн", — деди Жолдошев.

Дарыгер көздү нымдандыруучу тамчылатмалардын зыяны жоктугун жана көздүн көрүүсү жакшы болсо витаминдердин кереги жоктугун, туура тамактануу эле жетиштүү экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
оору, көз
Тема боюнча
Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар