Аба ырайыбызга шүгүр дейли! АКШдагы алааматты көрүңүзчү

Жазылуу
Туруксуз аба ырайынан калк жашаган аймактардагы жолдорду суу каптап, ызгаар сууктан тоңуп калган муздардын видеосу интернетте пайда болду.

АКШнын Чыгыш жээгинде кышкы бороондон 19 адам мерт кетти. Бул тууралуу CBS News телеканалы маалымдады.

Обильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Январда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Алар жол кырсыгынан жана сууктан тоңуп каза болушкан.

Жүз миңге чукул киши электр жарыгы жок калган. Улуттук метеорология кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы аралыкта ызгаар сууктун илеби кетпейт. Мындан улам бийлик өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Жергиликтүү тургундар тарткан видеодо көрүнүп тургандай айрым унаалар турган жерине тоңуп калган. Калк жашаган аймактарды суу каптагандыктан, эл кайык менен жүрүүгө аргасыз болушууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0