Циркте гимнаст кыз бийиктиктен кулап кетти. Жүрөктүн үшүн алган видео

Жазылуу
Окуя Белоруссияда болгон. Кыз башынан жаракат алып, облустук клиникалык ооруканага жаткырылган.

Белоруссиянын Гомель шаарындагы цирктен аба гимнасты Юлия Тикаева 4 метрлик бийиктиктен жерге кулап түштү. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги билдирди.

Ушул күндөрү шаардык циркте "Аяз ата жана Африка арстандары" аттуу программа коюлууда. 20 жаштагы акробат "Партердик учуу" программасындагы көнүгүүлөрдү жасап жатып, 4 метрдик бийиктиктен өнөктөшүнүн колун жаза кармап, коопсуздук торуна эмес, жерге кулап бети менен тийген.

С лавиной наперегонки — видео опасного развлечения сноубордиста - Sputnik Кыргызстан
Пиренеи тоолорунда сноубордчу кар көчкү менен жарышка түштү. Видео
Күбөлөрдүн айтымында, Тикаеваны өнөктөшү кармай албай калган.

Акробат башынан жаракат алып облустук клиникалык ооруканага жаткырылган. Кыз азыр кайра жандандыруу бөлүмүндө. Дарыгерлер абалы оор экенин маалымдашкан.

Окуя 5-январда кечки программа учурунда болгон.

Гомель цирки "ВКонтакте" баракчасында акробаттын эч жери сынбаганы боюнча маалыматты жайгаштырды. Анын бети-башы көгала болуп, азырынча хирургиялык аракет талап кылынбай турганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0