Эркиндикке коё берилген тыйын чычкан мышыкка тутулду. Видео

Жазылуу
Видеонун алдындагы жазууга караганда оорулуу тыйын чычканды кожоюндун баласы таап алган. Бир нече күндөн кийин жаныбар өзүн жакшы сезип калгандан кийин коё берүүнү чечишкен.

Американын Теннесси штатынын Коллервиль шаарынын тургундары оорулуу тыйын чычканды айыктырып, эркиндикке коё берээрде үй ээсинин Томас аттуу мышыгы аны тиштеп алып качып кеткен. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Киевдеги аэропортто мышыктын айынан чуу чыкты
Видеодон киши тыйын чычканды баштан сылап, бакка коё берип жатканын көрүүгө болот. Бирок бул учурда сары мышык чуркап келип тыйын чычканга кол салган. Видео тартып жаткан аял күтүлбөгөн окуядан улам кыйкырып жиберген.

Видеонун алдындагы жазууга караганда оорулуу тыйын чычканды кожоюндун баласы таап алган. Тыйын чычкан өзүн жакшы сезип калгандан кийин аны коё берүүнү чечишкен.

Жаныбарды тиштеп кеткен мышык аны үйдүн алдына алып барып таштаган. Видеонун авторунун айтымында, тыйын чычкан бир нече күндөн кийин өлүп калган. Анын өлүмүнө мышыктын кол салуусу эч кандай таасир бербегенин автор баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0