Бишкектеги ТЭЦтен чыккан түтүн кантип чыпкаланат? Башкы инженердин жообу

Жазылуу
Социалдык тармакта Бишкек шаарынын үстүн каптап турган кара түтүн ТЭЦтен чыгып жатат деген пикирлерин жазышкан

Журналисттерге ТЭЦтен чыккан түтүн кантип чыпкалана турганын башкы инженер Нургазы Курманбеков түшүндүрүп берди. Анын айтымында, жаңы салынган блоктордо заманбап автоматташтырылган чыпкалоочу жабдуулар орнотулган. Ал ошондой эле ТЭЦтен чыккан түтүн эки жолу чыпкаланарын кошумчалады.

"Биринчисинде электр фильтр аркылуу тазаланат. Ал түтүндүн көөсүн тосуп калат, андан кийин суу аркылуу айдалып чыгат. Мындан соң түтүндүн курамындагы күкүрт акиташ аркылуу тазаланат", — деди Курманбеков.

Вид на город Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти каптаган кара түтүн. Эколог анын себеби жана кесепети тууралуу
Ал ошондой эле Бишкек ТЭЦине салынган жаңы блоктогу тазалоо системасы Борбор Азиядагы башка мамлекеттерде жок экенин айтып, башкалар СССР учурунда долбоорлонгон электр фильтрлерди колдонорун айтты.

Курманбеков, андан сырткары, учурда Бишкек жылуулук борборунун кампасында 267 миң тонна көмүр бар экенин айтып, азыр аба ырайы жылуу болгондуктан күнүнө 4,5-5 миң тоннадай көмүр жагылып жатканын белгиледи.

Анын жарымы жаңы блокто калган эски буу казандарга жагылып жатканын айтты. Ошол эле учурда жаңы блокто жергиликтүү Кара-Кеченин көмүрү жагылып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0