Бразилиялык аялдын боулингде "таамай" тийген шары элди таң калтырды

Жазылуу
Окуя Бразилиянын Рондония штатында болгон

Интернет колдонуучулар бразилиялык аялдын боулинг ойногонун кызуу талкуулап жатышат. Анын видеосун ViralHog аттуу колдонуучу YouTube каналына жарыялаган.

Маалыматка ылайык, окуя Бразилиянын Рондония штатында болгон.

Кадр сыртындагы үн "Дора, жакшылап мээле" деп кыйкырып жатканын угууга болот. Аялдын шарды тушта илинип турган телевизорго бир тийип, экранды талкалап кеткен.

"Дориня эжебиз телевизорду сындырып, страйк жасады", — деп видеонун автору тамашалаган.

Айрым интернет колдонуучулар аял боулингди катыра ойнойт экен деп шакаба чегишти.

"Бул деген Бразилия", — деп Nego Do Bordel деген колдонуучу жазды.

Ал эми William Dohn аттуу колдонуучу "Эми ал машина айдабайт деп ишенем", — деген пикирин калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0