Үлпөт тойдо тамакка нааразы болгон кудалар мушташа кетти. Индияда тартылган видео

© AFP / Chandan KhannaМассовая свадьба в Нью-Дели
Массовая свадьба в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш жубайлардын туугандары той үстүндө тамак талаша кетип, жапырт мушташып кетишкен

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Индияда үлпөт той учурунда массалык мушташ чыгып кеткенин The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Окуяны тойго чакырылгандардын бири тартып алган.

Маалыматка ылайык, майрамдык ызы-чуу өткөн жумада Агра шаарында болгон. Видеодо меймандар бири-бири менен сабашып жатканы, ал эми жаңы келиндин качып чыкканын көрүүгө болот.

"Полиция чакырыңыз! Тезирээк чалыңызчы", — деп официанттарга кайрылган автордун үнү угулат.

Окуядан жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0