Бирөөнүн унаасын кагып качып кеткен таксист изделүүдө. Видео көзөмөлдөгү кадрлар

Жазылуу
Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы токтоп турган унааны кагып, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну издеп жатат

Борбор калаада таксинин айдоочусу токтоп турган унаа менен сүзүшүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине жабыркаган унаанын айдоочусу Максат Тороев кабарлады.

Сузак районунун Ынтымак айылындагы жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда жүргүнчү ташыган унаа кырсыкка учурап бир адам каза болду
Анын айтымында, кырсык 7-январь күнү саат 20.33тө Айтматов проспектиси менен Фурманов көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Көзөмөл камерасына түшүп калган видеодо көрүнүп тургандай, такси деген белгиси бар Toyota Altezza унаасы тайгаланып келип, жол жээгиндеги Toyota Ipsum унаасын капталынан каккан. Дагы бир камерадагы видеого караганда, айдоочу ошол замат кырсык болгон жерден кетип калган.

"Мен ошол учурда жумушта болчумун. Чыкканда эч нерсени байкабай эле унааны айдап кеткем. Эртеси досум телефон чалып, машинанын бампери эмне болуп сынып калганын сурады. Ошондон кийин көзөмөл камерасын карап чыгып эмне болгонун түшүндүм", — деди Тороев.

Жабырлануучу 10-январь күнү милицияга арыз жазганын кошумчалады.

Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан бирөөнүн мүлкүнө залака тийгизип качып кеткен айдоочу изделип жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0