(2:54 / 21.37Mb / )

Боздогон энелер, үзүлгөн үмүт, эстелик... Учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди

1368
(жаңыланган 18:54 14.01.2018)
Бир жыл мурун Бишкектен анча алыс эмес Дача Су айылына Boeing 747 жүк ташуучу учагы кулап, каргашалуу кырсык 39 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Аталган айылдын башына каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс орнотулуп, бүгүн анын расмий ачылышы болду.

Колдоруна бирден кызыл гүл кармаган энелер, аталар, балдар көздөрүнө жаш алып автобустан түшүп жатты. Алар каргашалуу кырсыкты дагы бир жолу эскерип, балдарына, ата-энесине, бир тууганына орнотулган эстеликке гүл койгону келишкен. Арасында авиакырсыкта ата-эне, бир туугандарынан ажыраган Жакшылык менен Султан да жүрдү. 

Родственники погибших на церемонии открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
© Sputnik / Таалайгуль Усебаева
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ

"Балдарым келип калчудай сезилип күндө эшик карап күтө берчүмүн. Алардын келбес сапарга кеткенин азыр эстеликти көрүп ишенип жатам. Неберемди көрүп, ата-энесин эстеп айткан сайын сай-сөөгүм сыздайт", —деп жашыды Жакшылыктын чоң апасы Токтайым Акбаралиева.

Родственники погибших на церемонии открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
© Sputnik / Таалайгуль Усебаева
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Эстеликтин ачылышына президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөт мүчөлөрү, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана каза болгондордун жакындары менен айыл тургундары катышты.

Иш-чарада Абулгазиев элибиздин башына экинчи мындай апаат келбесин деген тилегин айтты.

Мемориальный комплекс в память о погибших  в результате авиакрушения в Дача СУ
© Фото / Роман Гайнанов
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ

"Туура бир жыл мурун Дача Су айылынын дал ушул тилкесине түрк компаниясынын учагы кулап, кырсыктан 39 адам көз жумган. Мен жаран катары президенттин атынан жакындарын жоготкондорго дагы бир жолу көңүл айтам. Кырсыктын кесепетин жоюу боюнча колдон келген иштер жасалды. Ал күнү элибиз жапа тырмак биригип кичинекей балдар оюнчугун, кары-картаңдар пенсиясын көтөрүп, айтор, кайдыгер караган адам калган жок. Үй-жайы жок көчөдө эч ким калган жок. Бардыгына жардам көрсөтүлдү", — деди Абулгазиев.

Родственники погибших на церемонии открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
© Sputnik / Таалайгуль Усебаева
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Ал эми кырсыктан жабыркаган тараптан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Венера Шейшенова ӨКМге чогулган элдин акчасы менен түрк тарабынан берилген компенсация ачык-айкын бөлүштүрүлгөнүн кошумчалап кетти.

"Мен кулаган учак кырсыгынан жабыркап, жакындарынын жоготкондордун атынан өкмөткө эч кандай нааразычылыгыбыз жок деп айтып кетээр элем. Элибиз чогултуп берген каражат менен түрк компаниясы тарабынан берилген компенсация адилеттүү бөлүштүрүлдү. Бирок акча менен алардын ордун толтура албайт экенсиң. Миллион сом да жакындарыбыздын бир секунддук өмүрүнө тете болбойт", — деди кырсыктан үч баласынан ажыраган Шейшенова.

Родственники погибших на церемонии открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
© Sputnik / Таалайгуль Усебаева
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Эстелик мрамор таштан жасалып экиге бөлүнгөн, ортосунда учактын канаты кулап келе жаткан элес бар. Эки жагына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылып, астына төрт сап ыр берилген. Өкмөттөн жаз келээри менен учак кулап, түрттүрүлгөн үйлөрдүн ордуна сейил бак ачылаарын кошумчалашты.

1368
Белгилер:
кырсык, эстелик, учак, Дача СУ, Кыргызстан
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (223)
Тема боюнча
Караанына зар болдук! Авиакырсыктан жакындарын жоготкондордун азыркы жашоосу
(NaN:NaN / NaNMb / )

Кыргызстандык кыз катышкан "Ты супер!" шоусу. Түз алып берүү

50
Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу менен НТВ телеканалынын биргелешкен долбоорунун биринчи чыгарылышына күбө болуңуздар.

"Ты — супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору. Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. Бүгүн мызкалык конкурстун төртүнчү сезону башталып, анда Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Карина Амринова ат салышууда.

"Ты — супер!" сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат

Долбоордун максаты ата-энесиз калган жаш өнөрпоздорго мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

50
Белгилер:
"Ты – супер" балдар долбоору, вокал, музыка, долбоорлор, Карина Амринова
Тема боюнча
"Ты супер!" финалына чыккан балдар үйлүү болушту. Ыйлаткан видео
Тывалык бала "Ты супер" сынагында өзгөчө үнү менен калыстарды таң калтырды

Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео

451
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов команданын негизги курамында чыгып, беттештин 81-мүнөтүндө алмаштырылды.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов казакстандык "Кайрат" клубунун Европа лигасындагы кезектеги оюнунда голду уюштурууга катышты. Учурдун видеосун казакстандык клуб өзүнүн Facebook баракчасына койду.

Кечээ УЕФАнын Европа лигасы мелдешинин квалификациялык баскычынын чейрек финалында "Кайрат" Израилдин "Маккаби" клубу менен кез келген.

Беттеште Алыкулов чабуулду баштап, капталдагы өнөктөшү Гафуржан Сүйүнбаевге топту өткөрүп берген. Анын айып аянтчасына чыгарган тобун бразилиялык чабуулчу Вагнер Лав голго айлантып, эсепти теңеген.

Бир метрден гол киргизе албай уят болгон футболчу талоондо калды. Видео

Бирок бул гол казакстандык команданын кийинки баскычка чыгуусуна пайдасы тийген жок. "Кайрат" "Маккабиге" 2:1 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеди.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов негизги курамда чыгып, беттештин 81-мүнөтүндө алмаштырылды.

Гүлжигиттин "Кайрат" клубу аталган мелдештин буга чейинки раундунда Армениянын "Ноа" командасы менен ойноп, 4:1 эсебинде уткан. "Кайраттын" биринчи голун Гүлжигит Алыкулов киргизген.

451
Белгилер:
Европа лигасы, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
Гүлжигит Алыкулов: голума абдан сүйүндүм, бирок дараметимди толук ача элекмин
Ирмемди кармады! Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун кезектеги чеберчилиги видеодо