Кытай циркинде арстан менен жолборс жылкыга кол салды

Жазылуу
Кытайда цирктеги арстан менен жолборс көрүүчүлөрдүн көзүнчө жылкыга кол салган. Окуянын видеосун күбө интернетке жарыялады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, окуя өткөн дем алыш күндөрү Хэбэй провинциясындагы Цансянь уездинде болгон.

Элге шоу тартуулап жаткан учурда жырткычтар көзөмөлдөн чыгып жылкыга кол салган. Тулпар жырткычтардан качып манежди айлана чуркаган. Бирок жапайы мышыктар циркачтарга көпкө чейин баш берген эмес. Акыры жырткычтарды таяк, камчы менен ургулап жатып жылкыны аман алып калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0