Иттин крокодилди сууга киргизе кууганы видеого түшүп калган

Жазылуу
Ит корокодилдин суудан чыкканын кожоюнга коркунуч катары кабылдаганы айтылууда

Интернет айдыңында иттин жээкте 3,5 метрлик крокодил менен беттешип, аны сууга киргизе кууган видеосу пайда болду. Бул YouTube каналына жайгаштырылган.

Мектептен кожойкесин чыдамсыздык менен күткөн короздун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Мектептен кожойкесин чыдамсыздык менен күткөн короздун видеосу
Видеонун авторунун айтымында, бул окуя Австралиянын Гот аралында 2017-жылдын 23-декабрында болгон.

Ал аралдын ээсине конокко келип, Кейси деп аталган крокодил менен иттин кармашына күбө болгон.

Аралдын ээси ити менен сейилге чыкканда крокодилдин атын айтып кыйкырып чакырган. Суудан чыгып келген жырткыч ага жем катары ыргытылган тирүү балапанды "шап" илип кеткен.

Бул көрүнүштү ит кожоюнуна келген коркунуч катары кабылдап, крокодилдин куйругун тиштеп, сууга киргизе кууган.

Жаңылыктар түрмөгү
0