Үшүк алган өсүмдүктөр, муз тоңгон жалбырак, жарылган түтүк. Ботаникалык бактан видео

Жазылуу
Бишкек шаарындагы жылуулук кризиси уникалдуу өсүмдүктөргө да жетип, жылдап жыйнаган эмгекти бир түнкү суук алып кетти

Бишкек шаарындагы жылуулук кризисинин улам Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын калаанын чок ортосунда жайгашкан оранжереясында 500дөн ашык ар кыл өсүмдүктү үшүк алып кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги жерине барып билди.

"Азыр абал начар, колубузда болгон тропикалык папаротник, фикус, субтропикалык мирика, кокулюс, саркокока сыяктуу экзотикалык өсүмдүктөрдүн бир тобу тоңуп калды. Сууктан улам жылытуу системасы да жабыркады. Колдон келишинче кызматкерлерибиз жылытканга аракет кылып жатышат", — деди Ботаникалык бактын жетекчиси Таштан Көчкүмбаев.

Көйгөйдүн баары өткөн жуманын (26-январда) түнү башталган. ТЭЦтеги авариядан кийин дароо эле оранжереянын ичиндеги жылуулук кескин төмөндөп, эртеси эртең менен өсүмдүктөр бүрүшүп, жалбырактары тоңо баштаган.

Бишкектин борборундагы ботаникалык бак - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы ажайып бак. Гүлдөгөн магнолия, кучак жетпеген теректер
Ботаникалык бактын лаборатория жетекчиси Ирина Бондарцева азыр өсүмдүктөрдүн канчасы өлбөй калганы белгисиз экенин айтып кейиди.

"Күзүндө бардык жыртык-тешиктерди жаап, жылуулаганбыз. Үйдө адам чыдагыс суук болуп жаткандан кийин эмне дейбиз. Арга жок. Бул жерде ар кайсы жерден топтоп алып келген жана жергиликтүү өсүмдүктөрдүн 500дөн ашуун түрү бар эле", — деди Бондарцева.

Сууктан улам жылуулук берген түтүктөр да чыдабай жарылып кеткен.

Бондарцева аталган жай мындан жетимиш жыл мурда түптөлгөндүгүн, ал иштеген 40 жылга жакын убакыт ичинде мындай окуя биринчи жолу болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0