Буйволдор пилдин баласын арстандардын азуусунан сууруп алышты, бирок... Видео

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркына келгендер сейрек кездешкен көрүнүшкө күбө болушту. Буйволдордун үйүрү пилдин алсыз баласын арстандардан сактап калды.

Бул маалыматтар коруктун YouTube каналына жарыяланган.

Самка слона в заповеднике в Кении - Sputnik Кыргызстан
Арстан менен алышкан пилдин видеосу интернетке тарады
Видеонун автору арстандар алыстан пилдин баласын акмалап туруп, анан кол салганын айткан. Өлүм менен өмүр бетме-бет болгон бул ирмемдерде буйволдордун бири пайда болуп, андан соң үйүрү менен жардамга келген. Бул жаныбарлардын сүрүнөн корккон жырткычтар олжосун аргасыздан таштап чуркаган. Томолонуп жаткан кичинекей пил ордунан туруп, бадалга кире качканга үлгүргөн.

National Geographic Russia журналы кичинекей жаныбар баары бир ажалдан кутулуп кете албагандыгын жазды. Жырткычтар ача туяктуулар алыстап кеткенин билип, кайра кайтып келип, олжосун жара тартып жеп кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0