Казармандын эли жаңы салынып жаткан заводго каршы митингге чыкты. Видео

Жазылуу
Жергиликтүү калк алтын ылгоочу жаңы заводдун курулушуна каршы экенин билдирди

Жалал-Абад облусунун Казарман айылынын жашоочулары бүгүн митингге чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, видео жөнөткөн.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар жаңы заводдун курулушуна каршы болуп митингге чыгышкан.

"Бул заводду бизге эмес, башка жакка курушсун. Анын зыяны эки эсе деп айтып жатышат", — деп жазган күбө.

Горнорудный комбинат Макмалзолото - Sputnik Кыргызстан
Тогуз-Торону баккан "Макмал". Жабыла турган комбинаттын багын инвестор ачабы
Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов менен байланышканыбызда ал учурда ооруканада экенин айтып, эртең кайра районго бара турганын кошумчалады.

"Бүгүн саат 12:00дөр чамасында район эли жаңы курулуп жаткан заводго каршы митингге чыгышыптыр. Ал жакка алтын ылгоочу завод жаңыдан курулуп баштаган. Инвесторлор кытайлар болчу. 7-февралга чейин элге Экотехинспекция, администрация болуп түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү", — деди Идирисов.

Эске салсак, учурда Тогуз-Торо районунда "Макмал" алтын кени иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0