Англиялык аткаминер парламентке кечигип келгени үчүн уялып кызматын тапшырды

Жазылуу
Улуу Британиянын лорддор палатасынын мүчөсү Майкл Бейтс Лорддор палатасынын жыйынына бир аз убакытка кечигип келгендиги үчүн өзүн-өзү жазалап отставкага кетип калды

В зале заседаний правительства РФ в Доме правительства в Москве - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын Ихтиёр Абдуллаев жетектемей болду
The Washington Post басылмасынын маалыматына ылайык, Бейтс эл аралык өнүктүрүү маселелери боюнча министрдин орун басары болуп иштеген. Ал парламенттин жогорку палатасынын алдында коомдогу теңсиздикти жоюу жаатындагы өкмөттүн стратегиясы боюнча суроолорго жооп бермек. Убагында келбей калгандыктан анын ордуна кесиптеши Жон Тейлер трибунага чыккан. Бирок анын жообун канааттандырарлык эмес деп баалашкан. Бир нече мүнөткө кечиккен лорд катуу ызаланып жыйын учурунда кызматтан кете турганын айткан.

"Беш жыл бою парламентте өкмөттүн атынан жооп берип келем. Биз бири-бирибизди сыйлашыбыз керек. Жада калса эки мүнөттүк кечигүү да дисциплинардык мыйзам бузуу болуп саналат. Мен бул үчүн жаза алышым керек. Сиздер күткөн убакта келип калбаганыма аябай уялып жатам. Ошондуктан азыр премьер-министрдин алдында ээлеген кызматымдан баш тартам", — деп айткан Бейтс.

Өз сөзүн айтып бүткөн соң ал залдан чыгып кеткен. Кесиптештери уу-дууга түшүп "жок эле жок" деп кыйкырышкан.

Бирок Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кечирим сураганы эле жетиштүү болгонун айтып, анын отставкасын кабыл албай койгону маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0