Акыркы мүнөттө командасын алдыга сүйрөп чыккан баскетболчу легендага айланды

Жазылуу
Баскетбол боюнча мелдешип жаткан окуучулардын командасынын оюну көрүүчүлөрдүн эсинде көпкө сакталып калчудай

Американын Иллинойс штатындагы Evanston Township мектебинин окуучусу Блейк Питерс командасын акыркы секунддарда алдыга сууруп чыгып жеңүүчү кылды.

Сборная Кыргызстана по футзалу - Sputnik Кыргызстан
Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан Иорданияны жеңди
Ал баскетбол боюнча беттеште топту аянттын экинчи жарымынан ыргытып, ал атайын алкакка таамай түшкөнүн WHNT19 News телеканалы билдирди.

Каршылаштарынын майнапсыз тобунан кийин Питерс калыстын ышкырыгына чейин топту жарым аянттан ыргытканда ал атаандаштарынын алкагына таамай барып түшкөн. Бул топ 3 упайлык болуп эсептелет. Ошентип 42:44 эсебинде утулуп жаткан командасы акыркы секунддарда ийгиликке жеткен.

Бул видео интернетте ылдамдык менен тарап, көпчүлүктүн талкуусуна түштү.

Американын айрым ЖМКлары 15 жаштагы окуучуну "легенда" деп атап жиберишти. Питерс журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мындайды күтпөгөнүн бул учур анын жашоосундагы эң бактылуу ирмем экенин айткан.

Ат үстүндө топ ойногон кыргызстандык спортчулардын мелдешин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0