Жаалданган жапайы каман эркек киши менен келинин чалып салган видео тарады

3036
Окуяга күбө болгондордун жаалданган камандан кишини сактап калуу аракети майнаптуу болгон эмес, жырткыч аялга да кол салган

Интернетте кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз жапайы каман чуркап келип, эңкейип күрөк менен жерде иштеп жаткан кишилердин бирине аеосуз кол салган видео тарап кеткен.

Видеону Кытайдагы жергиликтүү ЖМКлардын бири жарыялаган.

Жаалданган жапайы камандан жанындагы кишини коргоо үчүн жолдошу күрөк менен чапкылаганы менен жардам бере алган эмес. Бир аз убакыттан кийин экинчи киши кошулган, имараттын ичинен кишинин келини чуркап чыккан. Каман бир аз жоошугандай түр көрсөтүп, жаткан кишинин жанында чебелектеп чуркап жүргөн аялга да кол салган.

Маалыматтарга караганда, киши каман кол салган жерден көз жумган, ал эми аялды ооруканага алып кетишкен.

Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында камандар капыстан кол салган учурлар көз кездешет. Маселен, Германия менен Түштүк Кореяда камандар тамактануучу жайлар менен кеңселерге кирип барып адамдардын шаштысын алган.

3036
Белгилер:
Германия, Түштүк Корея, каман, кол салуу
Тема боюнча
Германияда кеңседе отурган тургундарга жапайы камандар кол салды
Түштүк Кореяда жапайы каман тамак ичүүчү жайдагыларга кол салды

Кыргызстанга сүргүнгө айдалган венгрлер. Эки өлкөнүн байланышы кантип түптөлгөн

131
(жаңыланган 13:38 24.10.2021)
Кыргыз өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-октябрындагы токтому менен 24-октябрь өлкөбүздүн дипломаттар күнү деп белгиленген. Ушул күндөн баштап кыргыз дипломаттары кесиптик майрамын белгилеп келет.

Sputnik агенттиги алгачкы кыргыз дипломаттары, Тышкы иштер министрлигинин түптөлүшү, мамлекеттер аралык байланыштардын негизделиши тууралуу материалдардын топтомун даярдап келет. Жогорудагы видеодон СССРдин курамындагы Кыргыз ССРи чет өлкөлөрдөн келген делегацияларды кантип тосконун көрүүгө болот.

1992-жылы 16-апрелде Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык байланыш түзүлгөн. Акыркы жылдары Венгрия Россия, Кытай, Түркия жана Борбордук Азия менен алакасын чыңдап жаткан учуру. 2020-жылы 19-февралда Бишкекте Венгриянын элчилиги ачылса, 19 күн мурда Кыргызстандын элчилиги Будапештте иштей баштады.

Колумнист Алмаз Батилов архивден 1963-жылы Фрунзе шаарына Венгр Эл Республикасынын парламентинин депутаттары келген даректүү тасманын үзүндүсүн тапкан. Чет элдик делегацияны Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов, Коммунисттик партиянын жетекчиси Турдакун Усубалиев, тышкы иштер министри Сакин Бегматова жана белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиева тосуп алышкан. Венгрлерди көрүнүктүү ишмер, эки ирет соода-сатык министри болгон Шандор Ромаи жетектеп келген. Андан кийин Ромаи парламент жана венгр-совет достук коомунун төрагалыгын аркалаганы маалым.

Чыгыш Европада Венгрия Советтер Союзунун эң жакын өнөктөшү эле. Социализм менен капитализмдин системасын айкалыштырган бул өлкөнү социализмдин витринасы деп аташчу. Расмий Будапешт менен Москва аскердик, экономикалык, туризм, илимий жана маданий жаатында аябай тыгыз кызматташкан. 1980-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 9 миллиард рублге жеткен эле. Венгрия чыгарган "Икарус" автобусу, костюмдары, көйнөктөрү, бут кийимдер жана азык-түлүгү азыр деле постсоветтик аймакта жашаган калктын эсинде.

Эмне үчүн ошол учурда расмий Будапешт Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар эле деген суроо жаралат. Бул эл өзүн мадьяр деп атайт. Миң жылдан ашык убакыт мурда мадьярлардын ата-бабалары Азиядан Борбордук Европага көчүшкөн. Алардын курамына Европанын жүрөгүнүн үшүн алган атактуу гунндар жана түрк тектүү уруулар менен калктар да кошулган. Тилинде түркий сөздөр көп. Бүгүнкү күндө да Венгрияда кыпчактар Надь-Кууншаг (Чоң Куман) менен Кичи Кууншаг ( Кичи Куман) аймактарында жашайт. Дал ушул себептен улам мадьяр илимпоздору Кыргызстанга абдан көңүл бурушкан.

20-кылымдын башында Кыргызстандын табияты менен этнографиясын атактуу венгриялык чыгыш таануучу жана зоолог Дьердь Алмаши изилдеген. 1914-1918-жылдары Биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда орус армиясынын туткунуна түшкөн мадьярлар Ош жана Жалал-Абад аймактарына жөнөтүлгөн. Айрымдары 1917-жылы Октябрь революциясынан кийин жарандык согушта большевиктердин катарында согушкан. 1925-жылы Кыргызстанга Чехословакиядан келген "Интергельпо" кооперативинин ыктыярчыларынын арасында венгрлер да болгон. Алар республиканын өнүгүшүнө чоң салым кошкон эле.

1936-жылы белгилүү венгриялык сүрөтчү Ласло Месарош Фрунзеге көчүп келген. Ал да Кыргыз ССРинин борборун көрктөндүрүү боюнча көп иштерди жасаган. 1956-жылы бул өлкөнүн башчысы Матьяш Ракоши Токмок калаасына сүргүнгө айдалган. Буга чейин да кээ бир венгр коммунисттери Кыргызстанга сүргүнгө айдалышкан болчу.

1956-жылдан баштап Фрунзеде жайгашкан бешинчи борбордук авиациялык кадрларды даярдоочу курстарда мадьяр курсанттары окуган. Мындан сырткары, Венгриянын аскердик-унаа авиациясы түптөлгөн. 1980-жылдардын аягында венгриялык кыпчактардын тукуму маркум Иштван Коңур Мандоки да фольклор багытында изилдөө жүргүзүп, азыркы күндө анын ишин будапешттик окумуштуу Кара Дөөт Шомфайи улантып жатат. 2018-жылы Венгриянын президенти Виктор Орбан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешинин саммитине катышкан. Ал венгрлердин теги түрк-кыпчактар, ал эми Венгрия христиан динин туткан түрктөрдүн жери деп айтып келет.

Өлкөнүн тышкы саясатын тескеген ведомство кантип негизделип, кандай жолду басып өткөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССРдин 1-класстагы толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Жаңыл Түмөнбаева кенен-кесир айтып берген.

131
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, Венгрия, Кыргызстан, СССР, делегация, Төрөбай Кулатов, элчилик, байланыш, дипломатиялык мамиле
Тема боюнча
Дипломаттын жубайы Эдиса Намазбекова: бөтөн жерде өлүп калабызбы деп коркчумун

"Минип алып" ургулап. UFC мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу

61
(жаңыланган 12:08 24.10.2021)
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин урунттуу учурларынын видеосун жарыялады. Мушкерлер таймашы түндө (Бишкек убактысы боюнча таңга маал) өттү.

Италиялык Марвин Веттори кеченин башкы беттешинде бразилиялык Пауло Коста менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.

Мелдеште англиялык Жей Герберт америкалык Кама Ворти менен таймашы мыкты соккулар менен коштолду. Герберт жаадырган соккулар АКШлык мушкердин айласын алты кетиргенде калыс беттешти токтотту.

Ошондой эле жеңил салмакта АКШлык Жефф Молина атаандашы Даниэль Ласерданы жерге жыгып, үстүнө "минип алып" сабап салганы мелдештин кызыктуу учурларынан болду.

61
Белгилер:
UFC, мелдеш, сокку, нокаут, видео
Тема боюнча
Биздин сулуу! Шевченконун жаңы образдагы сүрөттөрү суктандырууда
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди
Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо
Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен оюн учурунда

Бали! КР футболчулары БАЭ командасын утуп алды. Голдордун видеосу

97
(жаңыланган 21:36 24.10.2021)
Жеңиш алып келген голду Арлен Шаршенбеков камсыз кылды. Ал согончогу менен тээп, атаандаштын дарбазасына топ киргизди.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия  кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин командасын утуп алды.

Континенталдык биринчиликке жол аччу мелдеште улуттук командага алгач Е тайпасынын оюну өтүп жаткан талаа ээси — БАЭ командасы туш болгон. Матч Фуджайра стадионунда өттү.

Биринчи тайм 1:0 эсеби менен атаандаштардын пайдасына аяктады. Бирок экинчи бөлүктүн 73-мүнөтүндө Амир Жапаров айып талаадан гол тээп киргизген. Андан кийин Арлен Шаршенбековдун согончогу менен тээп киргизген тобу командага жеңиш алып келди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан чүчү кулактын натыйжасында Е тайпасына түшкөн, эми КР футболчулары Индия жана Оман командалары менен кез келет.

Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган мыкты төрт команда чыгат.

Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.

97
Белгилер:
футбол, Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, мелдеш, гол, жеңиш
Тема боюнча
Жаалданган күйөрмандар. Футбол талаасынан тартылган видео