Кокаин, милиция, автомат... Бишкекте жигит сүйүктүүсүнүн колун "коркутуп" сурады

Жазылуу
25 жаштагы жигит сүйүктүүсүнүн колун өзгөчө ыкма менен сурады. Сценарий боюнча алар эч нерседен капары жок баратканда укук коргоо органдары токтотуп, балага автомат такап машинадан алып чыгат.

Окуя кечки саат тогузда Бишкектеги түштүк магистралда болгон.

Страйк бол оюнунун автоматтары менен жол тандабаска шыкалган балдар Subaru Forester автоунаасынын жолун торогон.

Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онлайн үйлөнүү, музыкасыз куда күтүү — бишкектиктерди таң калтырган беш үлпөт той
Куралданган "жоокерлер" Subaru Forester машинасын айдап бараткан жигитти автомат такап алып түшүп, баңгизатын сактаган деп айыптап, жанынан желим баштыкка салынган ак порошок табышкан.

Машинанын ичинде отурган кыз эмне болуп жатканын билбей, шок абалында ары-бери чуркап жүргөнүн көрүүгө болот. Милиция кызматкеринин ролун аткарган бала кызга иш менен таанышуу үчүн папканы таштаган. Анын ичинен "мага турмушка чыгасыңбы" деген жазууну окуган кызга жигит ак порошоктун ичинен шакек алып чыгып сунган… Ыйлап жибере жаздаган селки турмушк ачыгууга макулдугун берди.

"Башында корктум, эмне болуп жатканын билгеним жок. Пакет ага таандык эмес экенин жакшы билчүмүн. Анткени мен анын жанында дайыма жүрөм", — деди ал.

Бул уюштурулган чакан оюнга Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары дагы күбө болду.

Ал эми Оштун Кара-Суу районундагы Мамажан айылында тойго кеткен чыгымдарды азайтып жатат https://sputnik.kg/society/20161025/1029938499/kara-suuda-ash-tojdun-chygymdary-kyskaruuda.html

Жаңылыктар түрмөгү
0