Төрт метрлик жылан эликти бүкүлү жутуп салды. Видео

Жазылуу
Узундугу болжол менен 430 сантиметр болгон жылан олжосун бир саатка чукул шашпай, акырындап жутуп отурган.

Шри-Ланкадагы туристтер төрт кулач болгон питон эликти кантип жутуп жаткандыгын видеого тартып алышкан. Тасма Youtube каналына жүктөлгөн.

Дикий кабан напал на пенсионера и его невестку - Sputnik Кыргызстан
Жаалданган жапайы каман эркек киши менен келинин чалып салган видео тарады
Ролик Шри-Ланкадагы эл аралык Бундала улуттук паркында январдын аягында тартылган. Узундугу болжол менен 430 сантиметр болгон жылан олжосун бир саатка чукул шашпай, акырындап жутуп отурган.

Парктын кызматкеринин айтымында, мындай окуя сейрек кездешет. Адатта жылан тамагын жутуп жатканын кишилер карап турса, олжосун таштап, четке сойлоп кетери маалым. Адис аталган жылан бир нече ай мурда эле тамактанып алганын кошумчалаган.

Бундаладагы улуттук парк эл аралык маанидеги аймак. Ал жерде 324 жаныбарлардын 324 түрү катталган.

Буга чейин интернетте өзүн-өзү жутуп жаткан жыландын видеосу тарап, ал элдин ар кыл пикирлерин жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0