Өлүмгө чейинки секундалар. Кызын көтөрүп бараткан келинди бус коюп кетти

Жазылуу
Окуя 9-февралда саат 12.00дө Элебесов көчөсүндө болгон

Столкновение двух легковых автомобиля и троллейбуса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки жеңил унаа жана троллейбус кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр
Видеого борбор калаанын Элебесов көчөсүнөн баласын колуна көтөрүп бараткан келинди бус коюп кеткен үрөй учурган учур түшүп калган. Анда алгач эч нерседен бейкапар, колуна баласын көтөрүп бара жаткан келинди көрүүгө болот. Ал дүкөндөрдүн алды менен басып, жөө адамдар өтчү сары жол чийинге жакын, жол четинде турганда ак түстөгү кичи автобус коюп кеткендигин көрүүгө болот. Бул окуя көз ирмемде болуп кеткени менен, айланадагы эркек, аялдар жабыла чуркап жардам бергенге ашыккан. Аял ооруканага жеткирилгени менен оор жаракатынан улам көз жумган. Ал эми кызынын оң буту катуу жабыркаган (сөөгү сынып кеткен).

Окуя 9-февралда саат 12.00дө Элебесов көчөсүндө болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кичинекей кызга операция жасалганын жана дарыгерлер консилиум өткөргөнүн билдиришти.

"Дарыгерлер кеңешип, бөбөктүн оң буту катуу жабыркагандыктан кесип салууга аргасыз болушту", — деп маалымдашты министрликтен.

Медициналык экспертиза айдоочунун соо экенин көрсөткөн. Учурда автоунаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0