Өкмөттүн 2014-жылдын 17-февралындагы "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен сим-карталарды милдеттүү түрдө каттоо жараяны башталып, ошол жылдын 8-мартында аякташы керек болчу. Бирок уюлдук компаниялардын өтүнүчү менен бул мөөнөт бир нече жолу узартылган. Акыркы мөөнөт 2016-жылдын 1-февралына белгиленип, каттоодон өтпөгөн номерлер өчүрүлмөй болгон.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары паспорту жок барып СИМ-карта сатып алуу канчалык оор же жеңил экенин билип көрдү.
Эксперимент Megacom, Beeline, O! мобилдик операторлоруна жүргүзүлдү. Бул компаниянын өкүлдөрү "Ош" базары менен ЦУМ дүкөнүнүн аймагынан сим-карта сатып турушкан. Ал жерге барып СИМ-картаны паспорту жок алууга болорун өз көзүбүз менен көрдүк. Ал тургай пачкалап сатып алсаңыз болот. Ал эми расмий каттоосу жок үч айдан алты айга чейин колдонуу мүмкүн экени белгилүү болду.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.
Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.
Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).
Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.