Кишилердин жолун торогон мышык жылмаюу тартуулады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВыставка "Кэт-Салон-Декабрь"
Выставка Кэт-Салон-Декабрь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Түркиянын Стамбул шаарында болгон

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Стамбулдагы эскалатордун чыга беришине отуруп алган мышык көпчүлүктү таң калтырып, айрымдарын күлкүгө салды.

Эч кимден чочубай, айрымдарын капарга албаган мышыктын видеосу Facebook баракчасындагы Aww Station тайпасына үч күн мурда жарыяланып, 2,7 миллиондон ашык жолу көрүлгөн.

Видеонун алдына комментарий жазгандар бул мышык менен өздөрүнүн үйдөгү жаныбарларын салыштырган.

Ошондой эле мышыкты тээп салбаган кишилердин жылуу мамилеси да айрымдардын жүрөгүн жылыткан.

"Башкаларга ыңгайсыздык жаратып жатса да эч ким мышыкты ордунан козгогон эмес. Анткени мышык ордунан жылгысы келбесе ал жылбайт", — деген пикирин Boyee Lin аттуу колдонуучу жазды.

Ал ортодо Киевде мышыктын айынан аэропортто чуу чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0