Миланда студент бөбөктү сакташ үчүн метронун жолуна секирген

Жазылуу
Куткарылган Мухаммед эки жашта экендиги аныкталды

Италиялык жаш жигит Миландагы метронун рельсине кулап кеткен баланы ойлонбой секирип түшүп, алып чыкты. Бул ирмемдерди тартылган видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Буйволы отбили у львов беззащитного слоненка — видео из ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Буйволдор пилдин баласын арстандардын азуусунан сууруп алышты, бирок... Видео
Наристе платформанын кырына келип, андан соң рельске кулап түшкөндүгүн көрүүгө болот. Окуя көз ирмемде болуп кеткендиктен, станцияда тургандар кыйсыпыр түшүп, кичинекейди дароо алып чыккан эмес. Бери жактан басып келип, баланын кулап кеткендигин көргөн студент ойлонбой секирип түшүп, рельсте жаткан бөбөктү көтөрүп, жардап тургандардын колуна берген.

Daily Mirror басылмасы куткарылган Мухаммед эки жашта экендигин жазды. Ал эми ак дил студенттин аты Лоренцо Пианацца, 18 жашта экендиги белгилүү болду.

Буга чейин Кытайда да поезд менен платформанын ортосуна түшүп кеткен үч жашар кызды өтүп бараткандар сактап калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0