83 жаштагы кемпир эң бийик чокуну багынтуу үчүн машыгууда. Видео

Жазылуу
83 жаштагы кемпир Аргентинадагы Анд тоо кыркасынын бийик жери деп эсептелген Аконкагуа чокусун багынтууга камынууда. Эрки күчтүү чоң эненин машыгуусун видеодон көрө аласыздар.

94-летняя старушка прыгнула с парашютом  с самолета - Sputnik Кыргызстан
94 жаштагы кемпир туулган күнүн парашют менен секирип белгиледи. Видео
Элиза Форти буга чейин аталган тоо кыркасына эки жолу барган. Анын айтымында, үй-бүлөсү чоң эненин "жосунсуз жоруктарына" көнүп бүткөн. Анд тоосун биринчи жолу кесип өткөндө туугандары аны аэропорттон "Андга чыккандыгың үчүн сага ырахмат. Биздин сыймыгыбыз!" деген жазуу менен тосуп алышкан.

Азыр кемпирдин жакындары Аконкагуа чокусун багынтууга жардам берип, колдоо көрсөтүүдө.

Тоонун бийиктиги деңиз деңгээлинен 6960,8 метр бийик. Азияны кошпогондо ал дүйнөдөгү эң бийик чоку болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0