Бишкектеги дүкөндөн көз көрүнө ууру кылган аял видеого түшүп калган

Жазылуу
Ишемби күнү түшкү саат 13.26да эки аял дүкөнгө кирип соода кылмай болушкан

Борбор калаадагы Батыш автобекетиндеги азык-түлүк саткан дүкөндөн бир аялдын сумка уурдап жатканы видео байкоого түшүп калган.

Дүкөн ээси Жаңыбай Акматовдун айтымында, 17-февралда түшкү саат 13.26да болжол менен 55 жана 40 жаштагы эки аял соода кылууга киришкен.

"Ал күнү дүкөндө эжем бар болчу. Дүкөнгө эки аял кирип, бирөөсү ары жактагы таттуулардын баасын сурап алаксытып турган. Эжем ага көрсөткөнү барганда экинчи аял кассанын жанындагы сумканы акырын алып койнуна кыпчып чыгып кеткен. Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Сумкада 3000 сом акча жана косметика бар болчу", — деди Акматов.

Бул окуя боюнча милицияга кайрылуу түшкөн эмес.

Ошондой эле ал өткөн жылы жай айында дагы бир аял кассадан 15 миң сом алып кеткенин айтып, аны ушул видео байкоо аркылуу таап алышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0