Казакстан прокуратурасы ЖК депутаты кармалган операциянын видеосун чыгарды

Жазылуу
Ири операция учурунда 35 адам кармалган. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы сотто каралып 33 жаран камакка алынган

Казакстандын Башкы прокуратурасы атайын жүргүзүлгөн ири операциянын чоо-жайын айтып кармоо учурундагы видеону расмий сайтына жарыялады.

В зале заседания Верховного суда РФ - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Казакстанда кыргызстандык депутаттан башка дагы эки жаран кармалды
Маалыматка ылайык, Казакстандын күч органдары чек ара аймактарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын ири операция жүргүзгөн. Натыйжада 35 шектүү адам кармалган. Алардын арасында бажы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, брокерлер, ортомчулар, криминалдар жана үч кыргызстандык бар. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы сотто каралып, 33 жаран камакка алынган.

Кийинчерээк Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын арасында "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экенин тастыктаган.

Бул боюнча бүгүн, 19-февралда, Башкы прокуратура Казакстандын Башкы прокуратурасына сурам жиберген.

Ал эми "Кыргызстан" фракциясы алдын ала маалыматтарга таянып, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жоктугун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0