Кеминдин Ак-Түзүндөгү алтын чайкоочу компаниянын уу калдык аккан кууру жарылды

Жазылуу
Абал Кемин районунун акимиатынын көзөмөлүндө

Кемин районундагы Ак-Түз айылында алтын чайкаган "ТК Гео Резерв" ЖЧКсынын уу калдыктар аккан кууру жарылганын жергиликтүү тургундар Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, компаниянын уу калдыктар сакталчу дамбасына кеткен куур 25-февралда кечинде жарылган.

"Бул компаниянын имараты айылдан 10 чакырымдай алыс жайгашкан. Атайын барып агып жаткан уулуу калдыктарды видеого тартып келдим. Кардын суусуна аралашып, сайдагы сууга кошулуп жатат. Бул сууну айылдагылар сугат иштерине пайдаланат", — деди жергиликтүү жашоочу.

Кемин районунун акими Жумгалбек Дүйшөбаев уу калдыктары аккан куур (пульпопровод) жарылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктап, тийиштүү кызматтар жерине барып суунун, топурактын үлгүлөрүн алганын маалымдады.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Геологдор "Кумтөргө" 16 миң гектар жер берүүнү сунушташты
"Түшкө жакын Ак-Түз айылынын төмөн жагындагы Ильич айыл өкмөтүнүн тургундары чалган. ӨКМ, эколог, прокурор, РИИБдин жетекчиси болуп жеринен көрөлү деп бардык. ӨКМдин кызматкери жана эколог дозиметр менен карап, үлгүлөрдү алып, акт түзүлдү. "Георезервдин" башкы инженери менен жолуктук. Компаниянын жетекчилигине жарылган пульпопровод калыбына келмейинче ишти токтотуу керектигин айттык. Катуу суукта куурлар тоңуп тээп кеткен", — деди Дүйшөбаев.

Аким ошондой эле компания алтын чайкап, технологиясында цианид колдонбой турганын кошумчалады.

"Ксантогенат колдонулат. Ошону менен иштейт", — деди ал.

Дүйшөбаев 24-январда дагы катуу суукта ушундай окуя болгонун ырастып, анда дагы анализдер алынып, суу менен топурактын көрсөткүчү нормада экени аныкталганын айтты.

Учурда компаниянын жумушчулары кырсык болгон жерде техника менен иштеп жатканын айтып, бүрсүгүнү барып текшерерин белгиледи.

Ал эми "ТК Гео Резерв" ЖЧКсы менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн телефон батирге таандык болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0