Умсунткан алтын. Шаршенбеков менен Аматовдун финалдык кармашы

Жазылуу
Кечээ, 27 февралда, Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты башталган. Мелдеш 4-мартка чейин созулат.

Чемпионаттын биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча медалдын беш комплектиси ойнотулган.

Чемпионата Азии по спортивной борьбе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшүнөн 2 күмүш, 2 коло байге! Азия чемпионатынын биринчи күнү аяктады
Анда кыргыз балбандарынын ичинен Жоламан Шаршенбеков (55 килограммга чейин) чейрек финалда Корлан Жаканшаны 10:2 эсебинде, жарым финалда кытайлык Лигуо Каону 8:0 эсебинде уткан. Ал эми финалдык беттеште япониялык Шота Танакурага 4:5 эсебинде жеңилип, Кыргызстандын эсебине алгачкы күмүш медалды алып келген.

Ал эми экинчи балбан Урмат Аматов (63 килограммга чейин) чейрек финалда корей балбанын 2:1 эсебинде утуп, жарым финалда япониялык спортчу Инагучини 8:7 эсебинде жер караткан. Чечүүчү беттеште өзбекстандык атаандашы Элмурат Тасмурадовго 0:8 эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынды.

Мындан сырткары, кыргызстандык балбандар Азат Бейшебеков (87 килограммга чейин) менен Мурат Рамонов (130 килограммга чейин) коло байге тагынышты.

Азия чемпионатынын биринчи кармаштары кандай өткөнүн видео трансляциядан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0