Түштүк Африкада крокодил менен алышып жараланган акыра арстанга жем болду. Видео

Жазылуу
Түштүк Африка Республикасынын Крюгер улуттук паркына барган туристтер эстен кеткис окуяга күбө болушту.

Крокодилден кутулган акыра арстандарга жем болуп калганын туристтерди коштоп барган Марио Пол видеого тартып алган.

"Крокодилдин тишинде калган акыраны куткарабыз деп кыйкырып, үркүткөнгө аракет кылып бир сааттай күттүк. Бирок майнап чыккан жок", — деди Пол.

Крокодил акыраны коё бергени менен буга көз салып турган арстандын үйүрү заматта ага кол салган. Пол окуянын эртеси жырткычтар акыранын сөөгүн калтырбай жеп кеткенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0