Жалгыз медаль! Мээрим Жуманазарованын атаандашын буттан алып жеңген видеосу

Жазылуу
Кыздар арасында Азия чемпионаты кечээ 1-мартта башталган, ал бүгүн жыйынтыкталмакчы. Мелдеште медалдын 10 топтому ойнотулду. Анда Кыргызстандын атынан жалгыз гана Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло байге тагынган.

Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
Жуманазарова чейрек финалда япониялык Мая Хаякаваны утуп, жарым финалда монголиялык Туменцецег Харкуу менен кез келген. Атаандашынан эки упай алдыда келе жатып, кармашка саналуу гана секунддар калганда жеңилип калган.

Коло медаль үчүн кармашта индиялык Дивя Какранды 12:6 эсебинде жер каратып, байгелүү орунга татыды.

Мээрим Жуманазарова — жаштар арасында Азиянын эки жолу коло медаль тагынган (2014-2015) жана бир жолу алтын байгеге ээ болгон (2017). Жаштар арасында дүйнө биринчилинде эки жолу коло байге алган (2016-2017).

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров Азия чемпионатында байге алган балбандарга өкмөт сыйлык бериши керек экендигин айтып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0